Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Украинада тынчтык орнотуу боюнча сунуштар эмнеге көбөйгөнүн түшүндүрдү

РФ ТИМ башчысы Азия-Тынч океан саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында сүйлөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу сунуштары көбөйүүдө, анткени Батыш Москваны жеңүү мүмкүн эместигин түшүнө баштады. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Азия-Тынч океан саммитинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда сүйлөдү.
"Батыш Россияны жеңүү мүмкүн эместигин жана Владимир Зеленскийдин колунан эч нерсе келбей турганын түшүнө баштады. Бутка чалынгандай жайнап кеткен мындай идеяларга комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейм", — деди ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Россия менен тынчтык келишимге Зеленскийдин кеңсесиндегилер каршы