Олимпиада оюндары — 2024

Садыр Жапаров менен биринчи айым Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

Мамлекет башчы менен Айгүл Жапарованы Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Париж шаарында (Франция) XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.
Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Париж шаарында (Франция) XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты

2 / 3

Мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды

3 / 3

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү

Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыкты. Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.
Салтанатка келген лидерлерге, делегация өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм көргөзмө-шоу тартууланды. Оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргызстандык спортчулар Олимпиаданын ачылышында. Видео