Ысыктан кантип сактанабыз? Министрлик кыргызстандыктарга кеңеш берди

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарга саратанда ысыктан сактануу боюнча кеңеш берди.
Буга чейин синоптиктер өлкөдө 28-июлга чейин аномалдуу ысык болорун эскерткен.
Адистердин кеңеши:
табигый материалдардан (кебез, жибек, зыгыр буласы) жасалган жеңил кийим кийиңиз;
ачык түстөгү баш кийимсиз сейилдөөгө болбойт;
бетиңизди, башыңызды муздак суу менен чайкап, кол чатыр менен коргонсоңуз болот;
бат-бат таза суу ичип, спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз;
күнгө чыккан убактыңызды кыскартууга аракет кылыңыз (саат 11:00дөн 16:00гө чейин). Бул убакта сыртка чыгуу зарыл болсо көлөкөдө жүрүүгө аракет кылыңыз;
коомдук транспортко түшпөгөнгө аракет кылыңыз. Болбосо жүргүнчүлөр аз автоунааны тандаңыз. Транспортто жүргөндө денеңиздин ачык жерлерин нымдуу кол аарчы менен сүртүп, суу ичип туруңуз.
Дарыгер күн ысыкта бут эмнеге шишип кетерин түшүндүрүп берди