Олимпиада оюндары — 2024

Кыргызстандык спортчулар Олимпиаданын ачылышында. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды.
Өлкөлөрдүн курама командалары, 10 миңге чукул спортчу Сена дарыясынан 6 чакырымдык маршрут менен кайыкта сүзүп өттү. Алардын ичинде Кыргызстандын делегациясы да болду. Өлкөнүн туусун дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү. Бул иш-чарага 300 миңден ашуун адам күбө болду.
Франциялык уюштуруучулар заманбап ар кыл атайын технологиялардан баш тартып, тарыхый тематикага басым жасашкан. Бул салтанаттуу ачылыш өзүнүн башкача стилде уюштурулгандыгы менен эсте калды.
Эске салсак, Кыргызстан Париж олимпиадасына 16 спортчусун аттандырган. Алардын ону грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, экөө дзюдо, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча намыс талашмакчы. Бокс, жеңил атлетика боюнча бирден спортчу кеткен.
Кыргызстандын намысын 27-июлда биринчи болуп Денис Петрашов коргойт. Ал 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада-24: кыргызстандык үч спортчунун атаандашы аныкталды. Тизме