Олимпиада оюндары — 2024

Кыргыз спортуна оомат эми келди. Садыр Жапаров олимпиадачыларга ийгилик каалады

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргыздын туусун бийик желбиреткен спортчуларыбыздын саны барган сайын арбып барат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун кайрылуусунда айтылат.
Өлкө башчы тарыхыбызда спортчулар: Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаров, Мария Кулчунова, андан берки тарыхыбызда Талант Дүйшөбаев, Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев өлкөгө Олимпиададан жеңиш менен келгенин эске салган.
"Ошентсе да, Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк, ата-бабаларыбыздын, Айкөл Манас баатырдын беттегенин бербеген көктүгү урпактарга кан менен өтөт көрүнөт, намыска жарап, кыргыздын туусун бийик желбиреткен спортчуларыбыздын саны барган сайын арбып барат.
Кыргыз спортуна оомат эми келди. Ушул келген бактыбызды бапестеп багып алышыбыз керек", — деген президент өз кайрылуусунда.
Мамлекет башчы XXXIII жайкы Олимпиадада кыргыз спортчуларын ийгилик жылоолоп, Ата Мекенине албан жеңиштер менен кайтышын тилеген.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргызстандык спортчулар Олимпиаданын ачылышында. Видео