Кеминде православ чиркөөсүнүн терезесин талкалаган киши кармалды

47 жаштагы киши жасаганын мойнуна алып, кеминдиктерден кечирим сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кемин районундагы православ чиркөөсүнүн жана үйлөрдүн терезесин талкалоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иш козголгон. 47 жаштагы киши жасаганын мойнуна алып, кеминдиктерден кечирим сураган. Ал улут аралык кастыкты козутууну ниеттенбегенин билдирди. Тергөө уланууда.
"Кеминде улут аралык жаңжалды козутуу фактылары жок. Чагым болгон учурда тезинен катуу чаралар көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Кеминге барган. https://sputnik.kg/20240727/kemin-ehdil-bajsalov-zholugushuu-chirkoo-tynchtyk-1087388741.html Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багыттагы иштерди күчөтүүнү, чиркөөгө колдоо көрсөтүүнү, мындай жагдайларды алдын алуу иштерин уюштурууну тапшырган.
Ташиев кыргызча сүйлөгөн блогер Анатолийге сыйлык тапшырды. Видео