Экс-дипломат: демократтар Харристи талапкер катары тандап ката кетиришти

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Демократтар ноябрдагы президенттик шайлоого вице-президент Камала Харристи талапкер катары тандап, ката кетиришти. Бул тууралуу Мамдепартаменттин эки тараптуу орус-америкалык президенттик комиссиянын мурдагы кеңешчиси Жеймс Карден билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Камала Харрис дебатта жалындуу сүйлөп, добуш берүүчүлөрдү ынандыра албайт.
"Менимче, демократтар ката кетиришти. Алар Байденди сактап калышса жакшы болмок", — деди ал.
Карден алдыдагы шайлоодо Дональд Трампка Харристи жеңүү кыйынчылык туудурбай турганын белгиледи.
"Харристин коомчулук менен болгон "бал айы" көпкө созулбайт. Сентябрь, октябрдагы шайлоо өнөктүгүнө эл ынтызарлык менен көңүл бура баштаганда анын чыныгы жүзүн көрүүгө болот", — дейт отставкадагы америкалык дипломат.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Ага Демократиялык партияны учурдагы президент Жо Байден баштап барары болжолдонгон. Бирок Дональд Трамп менен июндагы дебаттагы начар көрсөткүчтөрдөн кийин демократтардын арасында Байденди күрөштөн баш тартууга чакырыктар күчөй баштады. 21-июлда Байден жарыштан баш тартып, вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдоду.
ЖМК: Харрис менен Трампты колдогондордун саны дээрлик бирдей