28-июлга карата аба ырайы

28-июлда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жекшембиде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 34…39, Талас аймагында 33…38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 35…40, Ысык-Көл жеринде 27…32, Нарын өрөөнүндө 28…33 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 37…39, Ош шаарында 38…40 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада 27…29 градусту түзөт.
Ысыктан кантип сактанабыз? Министрлик кыргызстандыктарга кеңеш берди