ЕАЭБ келишиминин алкагында 30 миңден ашык жаранга пенсия дайындалды

ЕЭК министри санариптештирүү ЕАЭБдин бир өлкөсүнөн экинчисине көчкөндөргө пенсия дайындоо убактысын кыскартарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. ЕАЭБдин пенсиялык камсыздоо боюнча келишимине ылайык, уюмга мүчө өлкөлөрдүн 30 миңден ашык жаранына пенсия дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты министри Бахыт Султанов билдиргенин "Российская газета" жазды.
Келишимде ЕАЭБ мамлекеттеринин биринде иштегендер ошол жактан пенсия алары, башкача айтканда, мигранттардын башка өлкөдө иштегени пенсияга чыкканда эсепке алынары көрсөтүлгөн.
Султановдун айтымында, ЕАЭБде аталган тармакты санариптештирүү уюмдун бир өлкөсүнөн экинчисине көчкөндөргө пенсия дайындоо убактысы кыскарат. Былтыр 9 миңден ашык адамга пенсия дайындалса, жалпы 30 миңден ашуун адам пенсия алган.
Министр ошондой эле бирдиктүү эмгек рыногунда иш алып барган ЕАЭБ жарандары үчүн артыкчылыктарга токтолду.
"Квоталар жоюлду, иштөөгө уруксат алуу талабы жок. Көпчүлүк адистиктер боюнча дипломун өз ара таануу камсыздалууда. Киреше салыгын алууда бирдиктүү шарттар каралган. Үйүндө отуруп эле уюмдун ичинен ылайыктуу жумуш жана жумушчу издөөгө багытталган "Работа без границ" тиркемеси иштеп жатат", — деди Султанов.
Радио
Ашымалиева: ЕАЭБде бирдиктүү пенсия ошол өлкөнүн улуттук валютасында төлөнөт