Байтикте суткасына 150 миң кыш чыгарган завод ачылды. Сүрөт

РКӨФ кыш чыгарган заводго 1,3 миллион доллар салды
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында "Байтик курулуш" аталышындагы керамикалык кыш завод салтанат менен ачылды.
1 / 3

Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында "Байтик курулуш" аталышындагы керамикалык кыш завод салтанат менен ачылды

2 / 3

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, ишкана суткасына 150 миң кирпич чыгарат

3 / 3

Учурда ал жерде 50дөн ашык адам эмгектенип жатат

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, ишкана суткасына 150 миң кирпич чыгарат. Учурда ал жерде 50дөн ашык адам эмгектенип жатат. Капиталдык салымдардын көлөмү 9 миллион долларды түзүп, анын 1 миллион 350 миң долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду берген. Өндүрүштүн жалпы аянты — 8 миң чарчы метр.
Иш-чарага РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жана Экономика, коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Россия Кыргызстанга технопарктарды түзүүгө жардам берет