Бийлик өкүлдөрү эки топко бөлүнүп аймактарда эл менен жолугат

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бийлик өкүлдөрү аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрөрүн министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-августтан тартып өкмөт мүчөлөрү эки топко бөлүнүп аймактарды кыдырат.
"Биринчи топту өкмөт башчынын орун басары Адылбек Касымалиев жетектейт. Бул топ Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрмөкчү. Экинчи топ өкмөт башчынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинде Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында эл менен жолугат", — деп айтылат.
Демилге Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жатканы кошумчаланды.
А.Жапаров электрондук сооданын өнүгүшү, почточулук кесиптин жанданышы тууралуу