Олимпиада оюндары — 2024

Бүгүн Париж Олимпиадасынын расмий ачылышы болот

Оюндун ачылыш аземине Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Францияга барган президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бүгүн Франциянын Париж шаарында XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болот.
Салтанаттуу азем Бишкек убактысы менен саат 23:30да башталат. Уюштуруучулар бул жолу ачылыш адаттагыдай стадиондо эмес, Сена дарыясында болорун маалымдашкан. Тактап айтканда, 10 500 атлет 180 кайык менен суу аркылуу сүзүп өтөрү белгиленген.
Кыргызстандан оюндарга 16 спортчу катышат. Алгачкылардан болуп сууда сүзүүчү Денис Петрашов Бишкек убактысы менен саат 15:00дө жарышка чыгат.
Ата мекендик спортчулардын таймаша турган күндөрүн материалдан окуңуз.
Оюндун ачылыш аземине Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Францияга барган президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.
Олимпиада оюндары — 2024
Алымкадыр Бейшеналиев олимпиадалык курамга медбаштыктарды тапшырды