А.Жапаров электрондук сооданын өнүгүшү, почточулук кесиптин жанданышы тууралуу

Минкаб төрагасы өлкөдө санариптештирүү тездетилген темп менен жүрүп, керектүү документтерди берүү ылдамдаганын белгиледи
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почточу кайрадан замандын каарманына айланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.
Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Электрондук коммерция боюнча эл аралык экинчи форумдун ачылышына видеоконференция аркылуу катышкан.
"2025-жылга чейин дүйнөлүк электрондук соодада чекене сатуу 50 пайызга өсүп, 7,3 триллион долларга чейин жетет. Бул жалпы чекене сатуунун 24,5 пайызын түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, 2021-жылы 4,9 триллион доллар, жалпы чекене сатуунун 19,6 пайызы болгон", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал өлкөдө санариптештирүү тездетилген темп менен жүрүп керектүү документтерди берүү ылдамдаганын белгиледи.
Радио
"Кыргыз почтасы" өнүгүү рейтингинде чоң ийгиликке жетти