Министрлик кыргызстандыктар психологго кайсы суроолор боюнча кайрыларын айтты

Балдарга арналган ишеним номерге көбүнчө ата-энелер кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл башынан бери балдарга арналган 111 ишеним номерине 32 миңден ашык чалуу түшкөнүн кабарлады.
Маалыматта кайрылгандардын 24,1 пайызы жаш балдар болсо, калган 74 пайызы ата-энелер экени айтылат.
"Психолог адистер телефон аркылуу күнү-түнү кызмат көрсөтүшөт. Алар жарандарга кеңеш берип, журналга каттап, кайрылуунун мүнөзүнө жараша тиешелүү уюмдарга жана мекемелерге жөнөтүшөт", — деп билдирди ведомство.
Чалгандардын ар бир үчүнчүсү жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөө, персоналдык ассистенттин кызматы, балдарга мамлекеттик депозитти тариздөө, бала асырап алуу, майыптыгы бар адамдарга жол кире үчүн жеңилдиктер, майыптыкты узартуу жана башка ушул сыяктуу жардам сурап кайрылган.
Алардын 26,7 пайызы ата-энесине жана досторуна нааразы болуп ажырашуу, урушуу, жалгыздык, стресс, депрессия, апатия, паника чабуулдары, балдар жана неберелерди тарбиялоо, жакындары менен мамиле түзүү боюнча кеңеш сураган.
Ал эми жарандардын 16 пайызы гуманитардык жана каржылык жардамга, турак жай бөлүп берүүгө, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт алууга, пенсияны кайра эсептетүүгө, психологдорду жана юристтерди издөөгө кызыкдар болушкан.
Калгандары үй-бүлөлүк зомбулук жана туугандарынын кайдыгерлиги боюнча кайрылган.
Радио
Калдыбаева: коуч, насаатчы, психологдон билим аларда адисти жакшылап караштыргыла