Бишкекте дагы бир жер алдындагы өтмөк салуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдындагы өтмөк куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда социалдык, тиричилик, тейлөө объектилери жана жер алдына автоунаа токтотуучу жайы бар жер астында өтмөктүн долбоору даярдалууда.
Буга байланыштуу Чүй проспектинен Абдрахмановдон Шопоковго чейинки бөлүгүн оңдоо иштери 2025-жылга жылдырылганы кошумчаланды.
Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат