КМШ өлкөлөрүндөгү номиналдык орточо айлык. Сандар

Рубль жана доллар купюралары. Архив
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети Россияда жогору. Бул тууралуу Профсоюздардын жалпы конфедерациясы билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье билдирди.
Sputnik
КМШ мамлекеттериндеги номиналдык орточо айлык акы
Канал КМШ өлкөлөрүндөгү номиналдык орточо айлыкты жана 2023-жылдагы жеке керектөө чыгашаларынын коэффициенти эске алынган сатып алууга жөндөмдүүлүк паритети боюнча инфографиканы окурмандарга сунуштады.
Бул жагдайдан алып караганда, паритет — аталган валютага ар бир өлкөдө сатып алса боло турган товарлардын салыштырылышы.
Маселен, Россиянын 73 709 рублине келген товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү АКШда 3 156 долларга сатып алууга болот.
Экинчи орунда Беларусь турат. 1 902 беларус рублине ошол эле товарларды океандын ары жагында 2 909 долларга алууга болот.