КР уран казылган жерлерди реабилитациялоо боюнча РФ менен келишимди ратификациялады

Макулдашуу өлкөдөгү уран жана тоо-кенди иштеткенден кийинки калдыктар көмүлгөн райондордогу калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы кызматташууну карайт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы уран жана башка тоо кендери казылган аймактарды реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Макулдашууга Кыргызстан менен Россиянын өкмөтүнүн тиешелүү мүчөлөрү 26-мартта Сочи шаарында кол коюп, тиешелүү мыйзам 26-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Документ өлкөдөгү уран жана тоо-кенди иштеткенден кийинки уулуу калдыктар көмүлгөн райондордун элинин коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы кызматташууну карайт.
Эске салсак, буга чейин Россия Кыргызстанга калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүү үчүн 2,1 миллиард рубль бөлүүнү пландап жатканы маалымдалган.
Пресс-борбор
Россия Кыргызстанга суунун тартыштыгын чечүүдө үч багытта жардам берип жатат