Спортчу үчүн салык жеңилдиги, азайтылган камсыздандыруу төгүмү. Мыйзам чыкты

Мыйзам экономиканы либералдаштыруу жана ишкерлерге тышкы рынокторго чыгууга шарт түзүү максатында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам Жогорку Кеңеште 20-июнда кабыл алынган. Максаты — экономиканы андан ары либералдаштыруу жана ишкерлерге тышкы рынокторго чыгууга шарт түзүү.
Спорт багытына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыдан киреше салыгы алынбайт жана камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт;
угуусу боюнча III топтогу майыптыгы бар кызматкерлерден киреше салыгы 5 пайыз өлчөмүндө алынат;
чет өлкөлөрдө табылган пайданын кирешесинен 3 пайыз салык алынат;
спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды ташып келгендер кошумча нарк салыгынан бошотулат жана аларга камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт. Субъектилер министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Мындан сырткары, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган жергиликтүү ишкана тарабынан аффинаждалган, алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.
Муну менен катар камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү. 2,25 пайызын иш берүүчү, 10 пайызын кызматкер төлөйт.
Аны менен бирге камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүү төмөнкү категориялар үчүн жайылтылбайт:
бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;
электр, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча иштеген уюмдарга;
алкоголь, тамеки жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүргөн жана/же импорттогондор, буга мунайзатты өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө лицензиясы бар субъектилер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
уюлдук байланыш чөйрөсүндө иштегендерге;
интернет-провайдерлерге;
коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерге.
Ошол эле учурда мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн кирешелердин тобокелдигин азайтуу боюнча комплекстүү чаралар каралган.
Радио
Жаӊы Салык кодекси кабыл алынды. Кимдердин салыгы азаят?