Кара-Суунун акими мыйзамсыз жер берди деп шектелүүдө

Сот тергөөчүнүн үй камагына алуу өтүнүчүн канааттандырбай, эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде шектүүнү коё берген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалыматынан белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, аны УКМК жерди мыйзамсыз берип койгон деп шек санап кармаган.
23-июлда сот тергөөчүнүн шектүүнү үй камагына алуу өтүнүчүн канааттандырбай, эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде коё берген.
Эске салсак, 19-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто жыйын өткөрүп, анда жергиликтүү бийликтегилер мамлекет трансформациялап берген жерди сатып жатканын айткан.
Бишкекте Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалды