ЖМК: "өлүп тирилген" киши ал жактан эмне көргөнүн айтып берди

Эркек киши жаны чыккан сымал жатып калганда дарыгерлер өлдү деп эсептеп, маркумдардын мүшөгүнө салып коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Америкалык Винсент Толман клиникалык өлүмгө туш болуп жана ал жактан эмне көргөнүн айтып бергенин РИА Новости Daily Star басылмасына таянып жазды.
Бодибилдинг үчүн кошулмаларды ичкен киши жаман болуп, 45 мүнөт убакыт каза болгон адамдай жатып калган. Дарыгерлер сактай албай калдык деген ойдо өлүктөрдүн мүшөгүнө салып коюшкан.
Толмандын айтымында, сырттан баарын байкап, көрүп турган. Ал тургай аны сактап калууга жан үрөгөн медиктердин оюн да "окуй алган". Ак халатчандардын бири ишке чыккан алгачкы эле күнү көз жуумп бараткан бейтапты сактай албай калганына жаман болгонун да сезип турганын айтып берген. Медик аны үч күндөн кийин комадан чыгарып алган.
Толман "өлгөндөн" кийин ага Дрейк аттуу дин кызматкери келип, дүйнөнүн түзүлүшүн айтып берген. Андан сырткары, буга чейин жасаган өзүнүн жакшы жана жаман иштерин көргөн.
"Ал жактан" Жер болгону жөн гана мектеп, анын ичинен жөн гана класстык бөлмө сымал экени жана эч канча сот залы болгон эмес" деп айтышкан", — деп жазган басылма.
Толман "ошол дүйнө" жашоонун маани-маңызы эмнеде экенин жана сүйүүнүн баасын сездиришкенин кошумчалаган.
Кутурмага кабылгандарды "жин кирди" деп молдого алып баргандар болот. Маек