Трамп: Байденге каршы төңкөрүш жасалды

Трамптын пикирин АКШнын вице-президенттигине талапкер да колдоп, "кадимки эле күрөш" тууралуу сөз жүрүп жатса аны "тиешелүү түрдө" чечиш керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Fox News телеканалынын журналистинин "Байденге каршы төңкөрүш жасалды деп ойлойсузбу" деген суроосуна ошондой деп эсептээрин айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Ошондой болуп калды", — деген Трамп.
Анын пикири менен вице-президенттикке талапкер болгон Вэнс да макул экендигин билдирген.
"Эгерде Байден президенттик шайлоого катыша албаса, мамлекет башчынын да милдетин аткара албайт, иштегенге жөндөмсүз болуп калгандыктан аны алып түшкүлөрү келип жатат. Демократтар үчүн саясий өңүттөгү пайдалуу жолду тандабастан, 25-түзөтүүгө (АКШнын Баш мыйзамына) кайрылыштары керек", — деп кошумчалаган Вэнс.
25-түзөтүүдө вице-президент менен министрлер кабинети президентти жөндөмсүз деп жарыялап, отставкага кетүүгө мажбур кылып, анын милдетин өздөрү аткара алат.
Вэнс "кадимки эле күрөш" тууралуу сөз жүрүп жатса аны "тиешелүү түрдө" чечиш керектигин айткан.
Эске салсак, АКШнын президентин шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт.
Буга чейин АКШдагы Демократиялык партия президенттик шайлоого мамлекеттин азыкы башчысы Жозеф Байденди алып чыгары мерчемделип жаткан. Бирок анын экс-президент Дональд Трамп менен дебатынын ийгиликсиз аякташынан кийин саясий жарыштан чыгып кетишин талап кылгандар көбөйө баштаган.
Шайлоого төрт ай калганда, тагыраагы, 2024-жылдын 21-июлунда ал президенттик шайлоого катышпай тургандыгын жана ага АКШнын вице-президенти Камала Харристин талапкерлигин сунуштаарын айткан.
Камала Харрис түшүнүксүз сезимдерге туш болгонун билдирди