Камала Харрис түшүнүксүз сезимдерге туш болгонун билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Камала Харрис президенттикке Демократиялык партиядан талапкер болуш үчүн делегаттардын жетиштүү добушун алды. Бул тууралуу "Ассошиэйтед Пресс" жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, онлайн добуш берүүнүн алкагында Харрис партиянын 2 миң 471 делегатынын добушун алган. Партия тарабынан бекиш үчүн ага 1 миң 976 добуш жетиштүү болмок.
Ошондой эле ал талапкер болуу чечимин кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде үгүт өнөктүгүнө 80 миллион доллардан ашык каражат топтолгонун Харристин командасы ЖМКларга билдиришти. Анын маалымат катчысы бул президенттике талапкерлерге сутка ичинде чогултулган рекорддук сумма экенин белгиледи.
Харрис демократтардын штабында сөз сүйлөп жатып, президент, партиялашы Жозеф Байдендин жарыштан четтегени боюнча түшүнүксүз сезимдерде болуп жатканын мойнуна алды.
"Шайлоодо өйдө-төмөн боло берет, андан улам баарыбыз ар кандай сезимдерге туш болуп жатканыбызды түшүнүп турам", — деди Харрис.
Полиция кишилерди атып, прокурор үн катпай... Камала Харрис жөнүндө эмне белгилүү