Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 25-июлда Бишкектеги Чүй проспектинин Ибраимовдон Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ошол эле күнү Абдрахманов көчөсүнүн Москвадан Чүй проспектине чейинки бөлүгү ачылат.
Башкы план боюнча, Манастан Т.Айтматовго чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.
Мэрия Бишкекке кирген башка шаарлардын унааларынан акча алууну сунуштады