Сербиянын президенти: Батыш Россия менен куралдуу кагылышка даярданууда

Вучич буга чейин Скандинавия жана башка Батыштын айрым өлкөлөрү Россиянын аймагын жана ресурстарын бөлүп алууну сунуштаганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Батыш Россия менен куралдуу кагылышка Чыгыштагылар, Москвадагылар, Белграддагылар ойлогондон да тездик менен даярданууда. Бул тууралуу Сербиянын президенти Александр Вучич билдиргенин РИА Новости жазды.
Мамлекет башчынын айтымында, Путин менен бир нерсе болуп кетпесе эле Россияны көптөр ойлогондой жол менен жеңүүгө мүмкүн эмес.
"Путин Иоандын (кайсы экенин тактаган жок. — ред.), Улуу Пётрдун жана Екатеринанын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы анын саясий мурасы болушун каалайт. Геосаясий алкакта ой калчаган Путинде алардын кайсы бир сапаттары камтылган. Эгер Путин жеңилсе бул мурастан эч нерсе калбайт", — деген Вучич.
Ал буга чейин айрым Скандинавия жана башка Батыш өлкөлөрү Россиянын аймагын жана ресурстарын бөлүүнү сунуштаганын эске салды.
"Россияны жеңиш үчүн алар өзүн коргоого даяр экенин эске алуу керек. Ал эми Батыш буга даяр эмес деп дароо айта алам. Алар башкаларды каржылоо жолу менен аралыктан согушууну каалашат. Чыгыш, Россия жана Сербиядагылар Батыш жаңжалга даярданган жок деп жаңылышууда. Алар биз ойлогондон да тездик менен камынып жатышат", — деген саясатчы.
Ал ошондой эле Сербияда Россияга каршы санкцияларды киргизүүгө негиз жок экенин айтып, себебин түшүндүрдү.
"Сербия үчүн 2003-жылы Косово менен Метохиядан россиялык тынчтык контингентинин чыгарылышы Россияга каршы санкцияларды колдоого себеп эмес", — деди Вучич.
Буга чейин "Стратегиялык талдоо борбору" коммерциялык эмес уюмунун өкүлү Билян Шахриманян-Обрадович бир нече жолу чакырык жасаган. Ал Москва 1990-жылдары Югославияга каршы эл аралык санкцияларды колдогонун эске салган. Бирок серб лидери "бул чечимди ошол кездеги башка саясатчылар кабыл алган" деп каршы чыкты.
"Менин оюмча, бул нерсе Россияга каршы санкцияларды киргизүүгө негиз болбошу керек. Мунун айынан Украина менен дагы алаканы бузган болбойт. Биз баары менен жакшы мамиледе болгонубуз оң", — деди Вучич.
1999-жылы июнда орус аскери Босния жана Герцеговинадан Приштинага марш жасап, НАТО күчтөрү келе электе Слатина аскердик аэродромун көзөмөлгө алган. Андан кийин россиялыктар 2003-жылга чейин Косово менен Метохиядагы эл аралык бейпилдик миссиясына катышып, контингентти чыгаруу чечими кабыл алынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украинанын айынан Россия менен согушууга АКШнын чама-чаркы чак