Достук маанайда эмес. Песков Харристин Россияга болгон позициясын айтты

Дмитрий Песков Кремль Харристин талапкерлигине кандай баа берип жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Камала Харристин Россияга карата айткан билдирүүлөрү достук маанайда эмес. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин өлкөгө карата айткан айрым билдирүүлөрү достук маанайда эмес. Эки тараптуу мамилеге кошкон салымы боюнча айталы десек, анын башка аракетин, ишин байкай элекпиз", — деген Россия президентинин маалымат катчысы.
Песков журналисттердин "Харристин талапкерлиги Кремлде кандай бааланып жатат", "ал Россия менен АКШ алакасына кандай таасир берет" деген суроолоруна жооп берди.
Ал Харристин эки тараптуу мамилеге салымы жок болгондуктан президенттин администрациясы азырынча ага баа бере албай тургандыгын белгиледи.
Песков ошондой эле Путин менен Харрис жолуккан-жолукпаганын эстей албай койгон.
"Азыр эстей албай жатам. Байден менен жолугушуу болгондо... Жок, анда Харрис Женевада жок болчу. Чынын айтсам, президент Путин менен Харрис айымдын бир да жолукканын эстей албай жатам", — деген Песков.
Ал ошондой эле дүйнөдөгү эң ири өлкөнүн биринде шайлоо өнөктүгү жүрүп жатса да бул кеп Кремлдин күн тартибине кирбей тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, жекшембиде, Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байден мамлекет башчылыктын экинчи мөөнөтүнө барбай тургандыгын айткан. Ал Харристин талапкерлигин колдогон. Республикачылардан президенттик шайлоого аттанып жаткан Дональд Трамп Харристи жеңип чыгуу алда канча оңой болорун айткан.
Полиция кишилерди атып, прокурор үн катпай... Камала Харрис жөнүндө эмне белгилүү