Кыргызстанда муниципалдык кызматкерлер дээрлик эки эсеге кыскарат. Себеби

Айылдарды бириктирүү менен алардын саны да 744төн 270ке чейин кыскарарын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалдык кызматкерлердин саны 45,1 пайызга кыскарат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурда 8 696 муниципалдык кызматкер болсо, реформадан кийин 4 768и ордунда калат. Аткаминер ошондой эле айылдарды бириктирүү менен 452 айыл аймак 235ке чейин кыскарарын кошумчалады.
"Өткөн жылы Кыргызстандын президенти административдик-аймактык реформаны баштоо боюнча тарыхый чечим кабыл алган. Бул процесстин максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу", — деди ал.
Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, кээ биринин аталышы өзгөрдү