Базарбаев: аким, мэр, айыл өкмөттөр "мультипсихометр" аркылуу тесттен өтүүдө

Кудайберген Базарбаев кадрларды тандоо үчүн киргизилип жаткан атайын система алардын жөндөмүнө чейин аныктаарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өлкөдө кадр тандоодо жаңы система киргизилип жатканын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, атайын тест аркылуу адамдын жөндөм, шыгы менен катар эле жалган сүйлөгөнүн да аныктаса болот.
"Быйылтан баштап "мультипсихометр" системасы киргизилүүдө. Анда кадрлар атайын тесттен өтүп, натыйжасында эмнеге жөндөмдүү экени аныкталат. Мисалы, илимге шыктуулугун, балким, уюштуруучулугу өрчүгөнүн жана башка жактарын көрсөтөт. Система иштелип чыгып, сынамык режимде бардык акимдер, алардын орун басарлары, айыл өкмөттөр, мэрлер тесттен өттү. Учурда жыйынтыгы каралууда. Андан кимиси алдаганы, чынчыл болбогону билинет", — деди Базарбаев.
Ал административдик-аймактык реформанын алкагында "мультипсихометрден" 85 аким жана мэр, 235 айыл өкмөттүн башчысы өткөнүн кошумчалады.
Пресс-борбор
Былтыр 183 текшерүүдө 5 жетекчи иштен кетти. Бийликтин тапшырмаларынын аткарылышы