КР футболчулары дүйнө чемпионатына тандоонун 3-туруна Жалал-Абадда машыгат

Башкы машыктыруучу Максим Лисицын биринчи окуу-машыгууларга 27 оюнчуну чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо оюндарына 23-июлдан тартып даярдана баштайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Максим Лисицын биринчи окуу-машыгууларга 27 оюнчуну чакырган. Дээрлик баары — кыргызстандык клубдардын оюнчулары. Машыгуулар Жалал-Абад шаарынын "Барселона" футбол академиясынын базасында өтөт.
Тандоо оюндарындагы алгачкы мелдештер сентябрь айында болот.
Буга чейин КР футболчуларынын дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турдагы атаандаштары аныкталган.
Эске салсак, июнь айында кыргыз футболчулары дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү баскычына чыгуу үчүн Омандын курама командасы менен беттешкен. Оюн 1:1 эсеби менен аяктап, эки команда тең 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү баскычына жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алган.
Кыргызстандын футбол командасын россиялык адис машыктырат