Көңүл бургула! Дем алышта Жерди магниттик бороон каптайт

Магниттик бороон жүрөк оорусунан жабыркаган улгайыңкы адамдар үчүн кооптуу экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Жерди магниттик бороон каптайт. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөө институтунан билдиришти.
Мындан улам планетанын бир катар жерлеринде радиобайланыш үзгүлтүккө учураган.

"Магниттик бороон гипертония жана жүрөктүн ишемиялык оорусунан жапа чеккен орто жаштагы жана улгайган адамдарга коркунуч туудурат. Дарыгерлер бул учурда тамеки чегүүдөн, арак-шараптан жана кофе ичүүдөн баш тартууну, таза абада көп жүрүүнү, терезелерди ачып уктоону сунушташат. Андан сырткары, жөн жерден ачуулануудан, түйшөлүүдөн алыс болуп жана өз убагында жатып, эс алуу керек", — деп жазылган маалыматта.

Медиктер мүмкүнчүлүк болсо жыпар жыттуу сууга (ваннага) түшүү ашык болбой турганын айтышкан.
Ошондой эле жаратылыштын бул кубулушу 16-17-июлда Күн планетасында байкалган өзгөрүүлөрдөн улам болгонун кошумчалашкан.
Дарбызбы же коонбу? Дарыгер кайсынысы пайдалуу экенин айтып берди