Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты

Мурдагы парламентарий 2021-жылы Сузак шайлоо округунан ЖКга шайланган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тартып, өз ыктыяры менен мандатын тапшыргандан кийин биринчи жолу элге кайрылуу жасады.
Мурдагы эл өкүлү шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, дайыма эл тарапта болгонун социалдык баракчасына жазды.

"Кудайдын буйругу экен, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат катары элиме, шайлоочуларыма ак дилимден, чынчылдык менен таза кызмат кылганга болгон аракетимди жумшадым. Ар дайым эл тарапта болдум. Эң биринчи эки жолу ишеним көргөзүп шайлап берген №13 Сузак шайлоо округундагы эл-журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Ошентсе да жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым. Буюрса эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм, ошол принцибим күчөйт, азайбайт!" — деди Икрамов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Икрамов кечээ, 19-июлда, өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган. Ал 2021-жылы №13 Сузак шайлоо округунан депутат болуп келген. Мыйзам боюнча, эки ай ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.
Белгилей кетүүчү жагдай, 17-июлда эл өкүлүнүн УКМКда сурак берип чыкканы кабарланган.
Жогорку Кеңешке үч жаңы депутат келди