Бишкек мэри сел жүрүшү мүмкүн делген жерлерди текшерип чыкты. Видео

Буга чейин калк арасында Ала-Арча капчыгайынын төрүндөгү Адыгине жана майда көлдөрдүн дамбасынын жырылуу коркунучу бар деген кооптонуу жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 20-июлда, ӨКМдин борбор калаадагы башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте сел жүрүп кетиши мүмкүн болгон жерлерди текшерип чыкты.
Жунушалиев Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жана Чоң Чүй каналынын суу ташкындап кетүү коркунучу бар тилкелерин көрүп келди. ӨКМдин өкүлдөрү шаарга жакын жайгашкан көлдөрдүн абалы тууралуу маалымат беришти. Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга суунун жээгин бекемдеп, дарыяларды таштандыдан тазалоону, жээктерге курулган турак жайлардын мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.
ӨКМ 23-июлга чейин өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын болорун эскертүүдө. Шаардык кызматтар өзгөчө кырдаалдарга жогорку деңгээлдеги даярдык көрүп жатканы айтылды.
ӨКМ: Ала-Арча капчыгайынын төрүндөгү көлдөр коркунуч жаратпайт