АКШнын 12 штатынан өлүмгө алып келген кооптуу оорунун очогу аныкталды

Илдетке кабылгандар айтылгандан да көп болушу ыктымал экени айтылып, оору эт жана колбасадан жукканы божомолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Канададан кийин АКШнын 12 штатынан өлүмгө алып келген листериоздун очогу аныкталды. Бул тууралуу РИА Новсти билдирди.
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө борбору инфекциядан эки адам каза болуп, 28 киши ооруканага жаткырылганын билдирди. Илдетке кабылгандар мындан дагы көп болушу ыктымал дешти. Оору эт жана колбасадан жукканы божомолдонууда.
Буга чейин Канадада эки адам каза болуп, дагы тогузу ооруканага жаткырылган.

"Инфекция көбүнчө жашылча жана жаныбардан алынган азыктарда көбөйөт. Бул нерв системасына таасирин тийгизип менингит, энцефалитке жана өлүмгө алып келиши мүмкүн. 60 жаштан ашкандардын, кош бойлуу аялдардын, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана иммунитети начарлардын өмүрү коркунучта", — деп айтылган анда.

Листериоз – бул Listeria monocytogenes бактериялары пайда кылган жугуштуу оору. Бул бактериялар топуракта, сууда жана кээ бир азык-түлүктөрдө, мисалы, пастеризацияланбаган сүттө жана сүт азыктарында, чийки жашылчаларда, эт азыктарында, балыкта жана деңиз азыктарында кездешет.
Радио
Кыргызстандыктар вирустук гепатитке массалык түрдө текшерилет