Ленин чокусунда 58 жаштагы россиялык альпинист каза болду

58 жаштагы россиялык акын жана альпинист Евгений Банников Ленин чокусун багынтууга белсенип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ленин чокусунда россиялык альпинист каза болду. Бул тууралуу маркумдун досуна шилтеме кылып "74. RU" жазды.
Кырсык 18-июлда альпинисттер бир лагерден экинчисине өтүп баратканда болгон. Кар көчкүдөн улам 58 жаштагы Евгений Банников көз жумганы айтылды.
Учурда анын сөөгү Ош шаарына жеткирилип, андан ары Россияга жөнөтүлөрү же бул жерде жерге берилери чечилет.
Кар көчкүдө калган сөөктөр азыркыга чейин изделип... Кыргызстандын тоосундагы каргаша