20-июлга карата аба ырайы

20- июлга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +31...+36, Ысык-Көл, Нарын облустарында +22...+27 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күндүн табы +32...+34 градус болсо, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Ошто сел агызып каза болгондордун жакындарына миллион сомдон берилет