Пресс-борбор

Алтын, дыйканчылык. Кыргызстан менен Грузия кайсы тармакта кызматташа алат

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Грузия бир катар тармактарда кызматташа алат. Бул тууралуу саясат таануучу Алина Молдокеева "Грузиянын геосаясий диверсификациясындагы Борбордук Азиянын ролу" аталышындагы видеоконференцияда сүйлөп жатып билдирди.
Политолог Алина Молдокеева
Эксперттин айтымында, СССР учурунда Кыргызстан жүзүм өстүрүү боюнча бай тажрыйба топтогон. Кийин "кургак мыйзам" учурунда республикадагы жүзүмдүн баары кыйылган. Кыргызстан дүйнө жүзүнө таанымал грузин шарапчыларынан тажрыйба алса болот.
Молдокееванын пикиринде, грузин дыйкандарынан цитрус жемиштерин өстүрүүнү үйрөнсө болот. Анткени өлкөнүн айрым аймактарында бул өсүмдүккө ылайыктуу шарттар бар.
Ал эми Кыргызстандын алтын өндүрүү жана аны иштетүү мүмкүнчүлүктөрү Грузияны кызыктырышы ыктымал. Эксперт фармацевтика тармагында дагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү кароо зарыл экенин белгиледи.
"СССР тарагандан кийин бирдиктүү энергетикалык шакекче иштебей энергетика жаатында Борбордук Азияда көйгөлөрдү жаратты. Грузияда энергетика жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча тажрыйба бар. Бул жаатта дагы тажрыйба алмашууга болот", — деди Молдокеева.
Грузияда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди