Фашисттер ленинграддык эвакуацияланган балдарды кантип бомбалаган. Видео

1941-жылы 18-июлда Ленинграддан Улуу Ата Мекендик согуштан эвакуацияланган балдарды уйкусураган тейде Лычково станциясынан вагонго отургузушкан.
Sputnik
Немецтик бомбалагыч пайда болгон кезде эшелонду оорукка жөнөтүүгө камынып жатышкан. Вагондордо кызыл чырым белгиси тартылып, станция менен анын ичинде Ленинграддын мектеп, бала бакча, яслилердин тарбиялануучулары болгон эле. Асмандан караганда жакшы эле көрүнүп турган.
Төмөндө тирүү калгандардын эскерүүсүн беребиз.
"Балдар столдун артынан жаңы эле орун алышкан. Биз өз вагонубузга баратканбыз. Кээ бирлери эс алуу үчүн жаңы кыңайса, бир даары түйүнчөк, баштыктарын оодарып жатышкан. Сегиз кыз эшиктин алдында турганбыз.
— Самолет келе жатат, биздикиби же немецтердикиби, — деп сурады Аня.
— "Немецтердикиби" деп коет… Аны эртең менен атып түшүрүшпөдүбү.
— Биздики окшойт, — деп кошумчалаган Аня ошол замат чаңырып жиберди.
— Ой, карагылачы, бир нерсе чууруп жатат…"
Фашисттер 25 бомба таштап, аны пулеметтун татыраган үнү коштоду.
... Күнөөсүз кичинекейлерди Лычководогу боордоштор мүрзөсүнө коюшту. Бирине мугалимдер менен медайымдар көмүлдү".
Тема боюнча:
150 баланын атын жатка билген Токтогон Алтыбасарова. Эскерүү маеги