Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргой турган 16 спортчу. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргой турганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эске салды.
Ири спорттук мелдеш 26-июлдан тарта 11-августка чейин Францияда өтөт. Кыргызстандан Олимпиадага төмөнкү спортчулар барат:
1.
Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм салмак категориясы, грек-рим күрөшү);
2.
Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү);
3.
Акжол Махмудов (77 кг, грек-рим күрөшү, команда капитаны);
4.
Үзүр Жусупбеков (97 кг, грек-рим күрөшү);
5.
Бекзат Алмаз уулу (57 кг, эркин күрөш);
6.
Эрназар Акматалиев (65 кг, эркин күрөш);
7.
Айаал Лазарев (125 кг, эркин күрөш);
8.
Айсулуу Тыныбекова (62 кг, күрөш);
9.
Айпери Медет кызы (76 кг, күрөш);
10.
Мээрим Жуманазарова (68 кг, күрөш);
11.
Денис Петрашов (сууда сүзүү);
12.
Сардана Трофимова (жеңил атлетика);
13.
Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);
14.
Эрлан Шеров (90 кг, дзюдо);
15.
Кубанычбек Айбек уулу (66 кг, дзюдо);
16.
Елизавета Печерских (сууда сүзүү).
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиадалык курамдын капитаны Махмудов болот, бирок желекти Шеров көтөрүп чыгат