Майыптарга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөнчү акы жогорулады

Учурда өлкө боюнча 14 537 адам жеке ассистент кызматын көрсөтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көргөн жеке ассистент кызматы үчүн төлөм көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалымат боюнча 1-июлдан тарта жеке ассистент төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин жогорулаган.
"2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон балдарга жеке ассистент кызматы көрсөтүлөт. Ошондой эле президенттин жарлыгы менен 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеке ассистенттин кызматы бала кезинен баштап биринчи топтогу (18 жаштан улуу) майыптар үчүн киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда өлкө боюнча 14 537 адам жеке ассистент кызматын көрсөтүп жатат.
Майыптыгы бар адамдарды караган 14 миңдей жаран мамлекеттен айлык алууда