Сел кооптуулугу бар. Бишкек мэри өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты талкуулады

Бишкек мэриясында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйыны өтүп, анда сел кооптуулугу талданганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкек мэри Ала-Арча капчыгайындагы абалдан улам мүмкүн болгон суу каптоого даярдыктарды талкуулады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйынын өткөргөн.
"ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайындагы абал, Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Картада чөгүп кетиши мүмкүн болгон жерлер да көрсөтүлгөн. Аталган көл учурда коркунуч жаратпай турганы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын жүрүшүндө Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлү коркунуч туудурбай турганын, бирок тобокелдиктердин булагы боло турган тайыз көлдөр бар экенин айткан. Ал болжол менен июлдун ортосу жана августтун башы сел кооптуулугу күчөгөн учур экенин божомолдоп, кырдаалга мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кызматтары тарабынан тийиштүү иштерди улантуу керектигин айткан.
Чогулушта мэр ӨКМ, Илимдер академиясынын адистери менен Ала-Арча капчыгайынын үстүнөн учуу чечимин кабыл алганы айтылды. Ал эми жеткечилерге жана акимдерге сел коркунучуна даяр туруу, алдын алууу, эскертүү үчүн кооптуу аймактарда күзөт уюштуруу тапшырылды.
Буга чейин окумуштуулар жаан-чачындан улам Ала-Арча капчыгайынын жогору жагындагы тоо башындагы көлдөр толгонун, алар нугун жырып кетсе суу ташкыны шаарга чейин жетиши ыктымал экенин эскертип коңгуроо кагышкан. Капчыгайды суу каптаса, баарынан да Ала-Арча сейил багында эс алып жаткандарга коркунуч туудурушу мүмкүндүгүнөн кооптонушууда.
Пресс-борбор
ӨКМ: Кыргызстанда эки жарым айда 236 ирет сел жүрүп, 17 адамдын өмүрүн алды