Олимпиада оюндары — 2024

Алымкадыр Бейшеналиев олимпиадалык курамга медбаштыктарды тапшырды

Министр спортчулардын Париж Олимпиадасынын алдындагы жыйынтыктоочу машыгуусуна барып, спортчулар жана олимпиадалык курамдын дарыгерлери менен жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Алымкадыр Бейшеналиев олимпиадалык курамдын дарыгерлерине медициналык баштыктарды тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр спортчулардын Париж Олимпиадасынын алдындагы жыйынтыктоочу машыгуусуна барып, спортчулар жана олимпиадалык курама команданын дарыгерлери менен жолугушкан.
"Башкы дарыгер Сагындык Айтбаев жетектеген спорттук-реабилитациялык борбордун дарыгерлери өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү нерселер менен жабдылган медициналык баштыктарды алышты", — деп айтылат маалыматта.
Бейшеналиев спортчулар үчүн туура тамактануунун маанилүүлүгүн белгилеп, медиктерге олимпиадачылардын тамак-ашына көз салууну тапшырган.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Анда Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргой турган 16 спортчу. Тизме