Радио

Бегилерова: кыргыз адвокатурасына 100 жыл толду

Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова аталган тармакта инвентаризация жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргыз адвокатурасына 100 жыл толду. Ал Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөндөн бир жылдан соң, 2025-жылдын 1-мартында курамы үч кишиден турган коллегия болуп ишин баштаган. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгемендүүлүк алгандан кийинки Кыргызстанда Адвокаттар кеңешин түзүү боюнча мыйзамга 2014-жылы 14-июлда кол коюлган.
"Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 100 жыл толуп отурат. Аны менен удаалаш эле башка көптөгөн тармактар сыяктуу кыргыз адвокатурасы да өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилейт. Биздин тармак курамы үч кишиден турган коллегия менен өз ишин баштаган. Азыркы учурда адвокаттар кеңешинде 3000 мүчөсү бар. Алардын баары лицензия алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жактоочулар. Бирок арасында көзү өтүп кеткендигине байланыштуу же лицензиясын узартпай деле мүчөлүктө жүргөн кесиптештерибиз жок эмес. Ошону менен катар эле лицензия алып, бирок мүчөлүккө турбаган да адвокаттар кездешет. Мындай учурда адвокат кесиптик этиканы же башка мыйзамдарды бузган учурда кеңештин комиссиясы чара көрө албай калат. Ал эми мыйзамда адвокаттык лицензия алган соң кеңешке мүчөлүккө туруу зарыл, деп так жазылып турат. Биз мына ушул башаламандыктарды иретке келтирү максатында инвентаризация иштерин жүргүзүп жатабыз. Августтан баштап кеңешке мүчөлүккө кирбей иштеп жүргөн адвокаттардын лицензиясы токтотулат", — деди Бегилерова.
Ал мындай аракеттер тармактын аброюн көтөрүү, ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу, кесипке болгон коомдун жылуу пикирин арттыруу максатында жасалып жатканын кошумчалады.