Нарында чарчап калган 3 жашар наристенин өлүмү текшерилет

Бөбөктүн ата-энесинин кайрылуусу социалдык тармактарга тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Нарында чарчап калган үч жаштагы наристенин өлүмүн текшерет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бөбөктүн ата-энесинин кайрылуусу социалдык тармактарга тараган. ЖМКлардын жазганына караганда, наристенин жакындары баланын чарчап калышына медиктерди шалаакылыгы себеп экенин билдиришүүдө.
"Бул ишти иликтөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлүп, 2021-жылы туулган С.У. аттуу наристеге көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерин текшерүүгө киришти. Комиссиянын иликтөөсүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле бул ишти министр Алымкадыр Бейшеналиев өз көзөмөлүнө алганы кошумчаланды.
Балдар үйүнүн директору төрт айлык бөбөктүн өлүмү боюнча маалымат берди