Бишкекте 18-июлдан тарта Чүй проспектисинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланып жатат.
Мэриянын маалыматына караганда, 18-июлдан тарта капиталдык оңдоо иштери Чүй проспектисинде башталат. Биринчи этапта Чүйдүн Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
План боюнча Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү бир нече этап менен оңдолот.
Жолу жасалган Байтик баатыр көчөсүнүн дрондон тартылган видеосу