17-июлга карата аба ырайы

17-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Шаршембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас аймагында 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көл жеринде 22…27, Нарын өрөөнүндө 24…29 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 30…32, Ош шаарында 34…36 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада 22…24 градуска жетет.
Күн катуу ысыйбы? Август айына карата аба ырайы