БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. НАТО саммитинин жыйынтыгы Россия үчүн коркунучтуу. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Павел Зарубинге берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Журналист андан альянстын саммитинин жыйынтыгына кандай баа бересиз деп сураган.
"Альянс бизге душман бойдон каларын демонстрациялап жатат. Украинанын НАТОго мүчөлүгү боюнча биздин негизги тынчсызданууларыбызга альянс ийкемдүүлүк кылбайт. Мындай бөгөт коңшу мамлекет кийин НАТОго кирерин так көрсөттү. Саммит альянстын мүчөлөрү Россиянын негизги тынчсыздануусун эске албай турганын далилдеди", — деген Песков.
Президенттин маалымат катчысы белгилегендей, Батыштын мындай кадамдары азырынча сүйлөшүүлөргө эч кандай оңтойлуу шарт жок экенин көрсөтүп турат.
"Президент койгон максатка жетүү үчүн иштешибиз керек", — деген ал.
Песков Россия менен АКШнын мамилеси терең жана курч карама-каршылык баскычта турганын айтып, андан чыгууга азыр шарт болбосо да бир күнү келерин кошумчалаган.