Планетада адамдын саны качан 10 миллиардга жетет? БУУнун божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Дүйнөдө адамдын саны 50-60 жылда 10,3 миллиардга жетиши ыктымал. Бул тууралуу БУУнун сайтында жазылган.
Маалыматка ылайык, учурда жер шаарынын калкынын саны 8,2 миллиардды түзөт. 10 жыл мурдагы божомолдорго салыштырганда 2100-жылдары планетадагы адам саны 700 миллионго аз болору айтылган. Буга 1990-жылдарга салыштырмалуу көптөгөн өлкөлөрдө төрөттүн саны түшүп кеткени жүйө келтирилген.
"Планетада адам саны 2080-жылдардын ортосунда эң жогорку чекке 10,3 миллиардга чейин жетет. Кылымдын аягында кайра 10,2 миллиардга чейин түшөт", — деп жазылган БУУнун демографиялык докладында.
Ошондой эле COVID-19 пандемиясы учурунда ортчо жаш курак 70,9 жашка чейин түшүп кетсе, учурда бул көрсөткүч 73,3 жашка көтөрүлгөнү кошумчаланган.
Статком: Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат