16-июлга карата аба ырайы

16-июлга караган түнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым жерлерде жамгыр нөшөрлөп катуу жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 15-Июл. — Sputnik. 16-июль, шейшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым учурларда 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +21...+26, Нарын жергесинде +22...+27 градуска жетет.
Күндүн табы борбор калаада +28...+30, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин көтөрүлмөкчү.
Жалал-Абад — Казарман, Ноокат — Араван, Мырзаке — Кара-Шоро жолдору жабык