Ноокат районундагы жолду сел каптап кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жамгырдан Ноокат районундагы жолду сел каптап кеткенин ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, сел бүгүн саат 14:00 чамасында Ош — Баткен — Раззаков жолунун 57-чакырымында жүргөн.
Жеринде атайын техника, куткаруучулар иштеп жатышат.
Азыркы тапта жолду бир тарабы ачык экени айтылды.
Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бир жумага карата аба ырайы