Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктер 14-17-июль күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагында сел жүрөрүн эскертүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 20-июлга чейинки күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыматты жарыялады.
Синоптиктер 14-17-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.
Бишкекте жума ичинде 19-июлдан башка күндөрү өткүн өтүп, күр күркүрөп турат. Абанын температурасы 32...35 градуска чейин ысык болот.

Чүй жана Талас

Аймактарда апта боюнча жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Синоптиктер 14-июлда айрым жерлерде нөшөрлүү жамгыр жаай турганын айтууда. 16-июлга чейин айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору божомолдонду. Чүйдө күндүз күндүн табы 35 градуска чейин, Таласта 33 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенд

Өлкөнүн түштүк жергесинде 14-июлда нөшөрлүү жаан жаашы күтүлүүдө. Аптанын калган күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 14-16-июль күндөрү айрым жерлерде катуу шамал болот. Үч аймакта тең жуманын соңунда күн ысып, абанын температурасы 38 градуска чейин чыгат.

Ысык-Көл жана Нарын

Бул региондордо дагы бүгүн, 14-июлда, нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлүүдө. Жалпысынан апта жаан-чачындуу болот. 14-16-июль күндөрү айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал жүрөт. Ысык-Көлдө термометрдин көрсөткүчү күндүз 30 градуска чейин чыкса, Нарында 28 градуска чейин көтөрүлөт.
Июлга карата аба ырайы. Ысык 39 градуска чыгат