Илон Маск Трампты АКШнын президенттигине мыкты талапкер деп атады

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Америкалык бизнесмен жана миллиардер Илон Маск мурдагы президент Дональд Трампка Пенсильванияда кол салуу болгондон кийин аны колдоого алды.
Айтымында, 26-президент Теодор Рузвельттен бери мамлекет башчылыгына мындан "мыкты" талапкер боло элек.
"Акыркы жолу Америкада ушундай мыкты талапкер Теодор Рузвельт болгон", — деп жазган Маск X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал Трампты толугу менен колдой турганын жана анын сакайып кетишине тилектештигин билдирди.
Ошондой эле Маск соңку сегиз айда эки адам аны өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Алар Тесланын Техастагы баш кеңсесинен өтө алыс эмес жерден ​​курал менен кармалышкан.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка куралдуу кол салуу болду. Видео